Кыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскарды

Кыргызстанда бир жылда жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскарды
Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында эмгек рыногунда туруктуулук байкалган. Расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды (салыштыруу үчүн: 2023-жылы 2,9 пайыз, 2024-жылы 1,8 пайыз болгон).

«Расмий жумушсуз макамы барлар 38,1 миң адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулуп, 19,8 миң адам активдүү иш менен камсыз кылуу программаларына тартылган», — деди ал.

Read Full Article on 7TTV Kyrgyzstan →

This article was originally published on 7TTV Kyrgyzstan.