17 жаштагы кызды «сексуалдык аракетке” түрткөн. Өзгөндө үч милиционер кармалды

17 жаштагы кызды «сексуалдык аракетке” түрткөн. Өзгөндө үч милиционер кармалды
Оштун Өзгөн районунда жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге тарткан милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Милициянын капитаны З.у.А., жашы жете электер боюнча эки инспектор 17 жаштагы кызды жыныстык катнашка азгырып, андан соң акча талап кылган кылмыштуу схема уюштурушкан.

«Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды бардар адамдарга алып барып, андан соң аларды «кармап», акча опузалашкан»,- деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

Read Full Article on 7TTV Kyrgyzstan →

This article was originally published on 7TTV Kyrgyzstan.