Ноокенде кыздарды тигүү курсуна чакырып, экстремисттик диний идеология жайылтышкан

Ноокенде кыздарды тигүү курсуна чакырып, экстремисттик диний идеология жайылтышкан
УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалганын билдирди. Алар окутабыз, үйрөтөтбүз деген шылтоо менен кыздарды тескери идеяга сугарып келишкен.

Лидерлери жабык телеграм-каналдарга активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, халифат түзүү маселесин талкуулап турушкан. Жашаган жерлерин тинтүү маалында китептер, компьютерлер, флеш-карталар жана уюлдук телефондор табылган.

Шектүү катары беш аял кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

Read Full Article on 7TTV Kyrgyzstan →

This article was originally published on 7TTV Kyrgyzstan.